• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Экономика 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, финансы министри Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы астында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомдордун негизинде окутуу өткөрүлүүдө.

Анда министр КР президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюлгандыгын жана КР министрлер кабинетинин “Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартиби жөнүндө” бекитилген токтому тууралуу кеңири маалымат берди.

Ошону менен бирге Бакетаев мыйзамдын бул редакциясында электрондук каталог аркылуу сатып алууну кеңейтүү, Комиссиянын ишин, мөөнөттөрдү кыскартуу жана бардык иш-аракеттерди электрондук форматта киргизүү жаатында Мыйзамды жеңилдетүү боюнча көптөгөн иш-чаралар аткарылгандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий