Ак-Суу районунун Теплоключенка айылына Манасчылар паркы курулат. Эскиздери

Аймак 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Ак-Суу районунун Теплоключенка айылына Манасчылар паркы курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, парк комплексинин эскиздик долбоору Ак-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Белгиленгендей, аталган парк Теплоключенка айылынын күн-батыш тарабына курулат.

"Аталган паркта Манас айтууга, Нооруз майрамын өткөрүүгө, көргөзмө жыйын уюштурууга, музей катары колдонууга шарт түзүлүп, жаштар үчүн сейил бак катары, меймандар үчүн сый көргөзүү катарында багытталган ар кандай скульптуралык композициялар орнотулат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий