• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек—Нарын—Торугарт жолу бир тараптуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. 19-март, болжол менен саат 12:00дөн тарта Бишкек—Нарын—Торугарт жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, учурда унаа жолду кеңейтүү иштери аткарылууда. Ал эми Нарын тарабына түшкөн көчкүнүн болжолдуу 32 миң 300 м3 көлөмү тазаланды.

Кар көчкүнү 12 погрузчик, 1 кар түртүүчү унаасы, 3 эксковатор тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

ӨКМ жаап жаткан жамгырга жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу зарылчылык жок болсо, алыскы жолго чыгуудан баш тартууга чакырат.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышсаңыздар болот. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Пикир

Оставить комментарий