• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Юстиция министрлигинин жетекчилиги Ош облусундагы көйгөйлүү маселелерди талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-июнда Ош шаарында юстиция министри Асел Чынбаева Ош облусунун Юстиция башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек шарттары, пробация жана АЮЖБ адвокаттары тарабынан көрсөтүлгөн акысыз юридикалык жардам менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө юстиция органдарынын кызматкерлери көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын (МСЭК) төрагасы И.Кочкорбаев акыркы 20 жыл ичинде иш жүзүндө эч нерсе өзгөрбөгөнүн, кадрдык потенциалдын жетишсиздиги көйгөй бойдон калгандыгын белгиледи. Ошону менен бирге, ал соттук-эксперттик кызматтын материалдык-техникалык жабдылышынын зарылдыгы жөнүндө белгиледи.

Министрликтин башчысы МСЭК жана аймактык юстиция органдары үчүн дагы штаттык бирдикти көбөйтүү маселелери иштелип жаткандыгын маалымдады. Маселен, азыр соттук-эксперттик кызматтын кызматкерлеринин штаттык бирдигин 97 бирдикке көбөйтүү чечими кабыл алынган. 2022-жылдын январь айынан тартып 20 бирдиктен бөлүнөт.

Асел Чынбаева ошондой эле соттук-медициналык кызматтын кызматкерлерин окутууну жана материалдык-техникалык жабдууларды уюштуруу үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары, министр юстиция органдарында гендердик теңчиликтин сакталышын белгилеп, Ош облусунда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү тутуму жөнүндө суроо берди.

МКЮЖ координациялоо борборунун Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустары боюнча региондор аралык бөлүмүнүн башчысы Т.Эргешов, акыркы учурда үй-бүлөлүк зомбулук, аялдарга жана балдарга карата зомбулук, мүлктү бөлүштүрүү, мурас ж.б. боюнча акысыз юридикалык жардам сурап кайрылгандардын саны көбөйгөндүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу иш-чаранын катышуучуларына Пробация департаментинин иши, тактап айтканда, кадрдык потенциалы жана “Пробация” автоматташтырылган маалымат тутумун ишке киргизүү жөнүндө маалымат берди.

Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров өз сөзүндө аткаруучулук тартипти жакшыртуу, мамлекеттик кызматтарды нотариустар тарабынан сапаттуу көрсөтүү, электрондук нотариатты өркүндөтүү зарылдыгын белгилеп, ошондой эле жарандарга юридикалык жардам көрсөтүүдө чет мамлекеттерден келген мигранттарга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий