• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 30.09.19. /Кабар/. Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Улуттук илимдер академиясынын маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 29-сентябрда болжол менен саат 14:31лер чамасында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү Баш-Кууганды, Эпкин, Байзак, Таш-Дөбө, Түгөл-Сай, Куйручук, Чаек, Чоң-Дөбө, Ак-Татыр, Кызыл-Туу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий