• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ак-Талаа районунда жаңы спортзал ачылды

Аймак 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында спортзалдын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага агенттиктин директорунун орун басары Дастан Жапаров, Мамкурулушка караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Иманакун уулу Талантбек, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, спортзалдын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржыланган. Спортзалдын аянты 648 м2 түзөт.

Пикир

Оставить комментарий