• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен милициясы Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы эки автоунаа белек кылды деген маалыматты төгүндөдү

Аймак 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. А.Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Э.Мамбеталиев Баткендин күч органдарына эки джип үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Баткен милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, интернет тармагында А.Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Э.Мамбеталиев «CHEVPOLET-SUBURBAN» үлгүсүндөгү автоунаасын күч органдарына белек кылды деген маалымат тараган.

«7-октябрь күнү саат 18:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан Э.Мамбеталиевке тиешелүү болгон «CHEVPOLET-SUBURBAN» үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 09KS822AAI, 09KS820AAI болгон эки автоунаа токтотулганы аныкталган. Азыркы күндө Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаалар текшерилип жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий