• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кадамжай жана Ноокат районунда пилоттук сыноо үчүн агрометеостанциялар орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Баткен жана Ош облустарынын дыйкан-фермерлери үчүн “Санариптик айыл чарба платформасын тестирлөө жана агрометиостанцияны ишке киргизүү” аталышында семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара “Гуд Нейборз Интернэшнл” эл аралык бейөкмөт уюму жана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосу менен өттү.

Анын алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Ош облусунун Ноокат районунда пилоттук сыноо үчүн агрометеостанциялар орнотулду. Бул реалдуу режимде агрометеостанциялар фермерлерге аба ырайын маалымдоо, илдеттерди жана зыянкечтерди болжолдоо жана топурактын абалы жөнүндө ыкчам маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.

"Агрометеорологиялык станциянын маалыматтары Telegram Web тармагында күн сайын жаңыланып жана толукталып турат. Аталган демилге Кыргызстанда багбанчылыкты өнүктүрүү үчүн санариптештирүү жана дыйкан фермерлерге керектүү маалыматты жеткирүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий