Ташиев: министрлердин көлдө күнгө кактанып жатканын көрбөйүн, катуу чара көрүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Чиновниктер, айрыкча министрлер көп иштеши керек деп билдирди бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев.

"Дем алуу деген бизде болбошу керек. Айрыкча "шортачан" көлдө күнгө кактанып жаткан бир да министр болбошу керек. Эсиңерди болсун. Мен бул боюнча чоң чара көрөм. Дем алгыла, бирок үйүңөрдө. Министр болуп келдиңирби иштегиле", - деп баса белгиледи Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий