• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ак-Талаа районундагы 90 орундуу бала бакчанын курулушунун жүрүшү текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 07.08.24. /Кабар/. Мамкурулуш агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Жантелиев Ак-Талаа районунун Ак-Талаа айылындагы 90 орундуу бала бакчанын курулушун жеринде текшерди.

Ведомстводон билдиришкендей, мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Бала бакча эки кабаттуу имараттан туруп, откана, сырткы ажаткана, оюн аянтча, тегерете тосмо, айланасын көрктөндүрүү каралган иштери каралган.

Объекттин жалпы аянты 892 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий