• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оштун спорт комитети менен Андижан облусунун туризм жана спорт боюнча башкармалыгы кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Күн мурун, 3-февралда, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети расмий иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарына барды.

Ош шаардык мэиясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш сапардын алкагында Андижан облусунун туризм жана спорт боюнча башкы башкармалыгы менен кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, спорттун улуттук жана олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүү, биргелешкен машыгууларды, мелдештерди жана турнирлерди өткөрүү, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча спортчулардын тажрыйба алмашуусу багытындагы кызматташтыкты өркүндөтүү иш-чаралары пландаштырылууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров менен Андижан облусунун туризм жана спорт боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, Андижан облусунун акиминин орун басары Азизбек Максумов спортту өнүктүрүү үчүн эки тараптуу байланыштарды чыңдоо келишимине келишти.

Ошондой эле бир катар спорттук объектилерин кыдырып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий