• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто электробус жана аккумулятордук троллейбустарды сатып алуу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар "Ош шаарынын коомдук электр транспорт системасын модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Улуу Британиянын "Atkins" компаниясынын кеңешчилери тарабынан даярдалган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин жыйынтыктары менен да таанышты.

Марс Исаев ЕРӨБ көп жылдардан бери шаар тургундарынын жыргалчылыгы үчүн бир топ алгылыктуу багыттар боюнча маанилүү максаттарды ишке ашырууда, ишенимдүү жана негизги өнөктөш болуп келгенин белгиледи.

Ал аталган долбоордун алкагында шаардын борборун шаардын күн батыш тарабы менен туташтырган 6 чакырым (бир тарап) аралыкка жаңы троллейбустук каттам ачуу, элүү даанага чейин электробус, жыйырма даанага чейин троллейбус сатып алуу, Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасында электробустарды кубаттоочу станцияларды куруу болжолдонгонун белгиледи.

ЕБРРдин Евразия инфраструктурасы департаментинин өкүлү Нургүл Кудранова "Atkins" компаниясынын кызматкерлери жүргүзгөн ички жана тышкы изилдөөдөн соң 19 электр автобустарын жана 37 аккумулятордук троллейбустарды сатып алуу аркылуу долбоорду ишке ашыруу сунушун берди.

Жолугушуунун алкагында "Atkins" компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктары тааныштырылып, сунушталган долбоорду биргеликте дагы да терең изилдөө макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий