• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 21-22-23-июнь күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин Жалал-Абад шаарында юстиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жарандык, үй- бүлөлүк, эмгек, жер укуктары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу, калкты каттоо, аткаруу өндүрүшү жана башка маселелер боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүү уюштурулат.

Шаар мэриясы жарандарды акысыз жардам алууга чакырат.

"Жардам алуу үчүн жарандар шаардык мэрияга кайрылуусу керек", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий