• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абадда энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүгө багытталган бизнес-форум өтөт

Аймак 0

Бишкек, 11.05.23./Кабар/. Ушул жылдын 30-31-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү - Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү" аталышындагы Эл аралык ишкердик форуму өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага өлкөдөгү дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун, академиялык институттардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик башчылары жана бардык кызыктар тараптар чакырылууда.

Иш-чаранын максаты Жалал-Абад облусундагы энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу, туризмди өнүктүрүү, инвесторлордун конструктивдүү диалогу үчүн заманбап аянтчаларды уюштуруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий