• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызыл-Кыяда “Камкордук” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында “Камкордук” аталыштагы алдын алуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан “Таштемир-Ажы” борбордук базарын, балдар топтолуучу жайларды жана темир жол бекеттерин текшерүүгө алды. Балдар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, түшүндүрүү иштери алып барылды.

Ал эми иш-чаранын жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин негизинде 5 ата-энеге протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий