• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2022-жыл — Тоолорду коргоо жылы. Жарлык экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, суу жана тоолорду сактап калуу үчүн керек болгон

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында президенттин администрациясынын реформаларга мониторинг жана анализ бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов президент Садыр Жапаровдун жарлыгы тууралуу түшүндүрмө берип кетти.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров тарабынан климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында кол коюлган.

Темиркуловдун айтымында, өткөн жылы Глазго шаарында президент Садыр Жапаров Кыргызстан уулуу заттарды чыгарганы төмөндөтөт деген милдетти алып жатканын билдирген.

“Мындан сырткары, өткөн жылы БУУнун Башкы ассамблеясында Жапаров 2022-жыл Тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүүсү жылы болсун деп демилге көтөргөн жана ал бир добуштан кабыл алынган. Азыркы күндө климат өзгөрүп, мөңгүлөр ошол себептен ээрип, анын мааниси актуалдуу болууда. Кыргызстандын мөңгүлөрү биз үчүн эле эмес, Борбор Азия үчүн маанилүү бойдон калууда. Ошондуктан мөңгүлөрдү коргойлу деп ушул жылы чоң иш-чараларды өткөрүү пландалууда”, - дейт ал.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын пикиринде президенттин жарлыгы экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, тоолорду жана сууну сактап калуу үчүн керек болгон.

“Жарлыктын негизинде бир ай ичинде план түзүшүбүз керек. Ал жерде мамлекеттик, жергиликтүү органдарга кандай иштерди аткарышы керектиги боюнча милдеттенмелер коюлат. Каражат кайдан алынат деген суроо пайда болот. Бул багытта министрлик эл аралык уюмдарга кайрылат. Биз Глазгого барганда парник газдарды азайтуу үчүн 7 млрд сом сураганбыз. Алдыда проектилерди түзүп, эсептеп чыгабыз, анан каражат тартылат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий