• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Карыпбеков Төрөбаевге эфирден эмнеге баш тартылганын түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 02.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевге эмне себептен өлкөнүн башкы каналынан эфирдик убакыт берүүдөн баш тартылганын түшүндүрдү.

Карыпбеков соцтармактагы баракчасында жазгандай, 26-сентябрда Төрөбаев теледебаттарга катышуудан жана КТРКдан сунушталган акысыз эфирдик убакытты колдонуудан баш тартып, бардыгын коомдук каналга бойкот жарыялоого чакырган.

"Эми кайра ойлонгонун айтып, бардык берүүлөргө катышуу ниетин билдирүүдө. Биз бул көптөгөн себептерге байланыштуу мүмкүн эмес экенин айтып, аларды түшүндүрдүк. Урматтуу талапкерлер! Өтүнүч, туупа түшүнүңүздөр, ТВ эфири бул унаа эмес, кааласа токтотуп, кааласа айдап кеткидей. Тилекке каршы баарын даярдоого болбойт. Өтө аз убакыт калды",-деп айтылат Карыпбековдун билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий