• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте "Кара июль" курмандыктарына жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт

Коом 0

Бишкек, 08.01.22. /Кабар/. Бишкекте "Кара июль" курмандыктарына жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 11,12,13-январында Улуттук тарых музейинде өтмөкчү.

"Биз ошол кыйын мезгилде жардам көрсөткөн, кайдыгер эмес бардык жарандарыбызга дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, каза болгондорду эскергибиз келет. Ошондой эле бул окуялардын кайталанышына жол бербеш үчүн коопсуздук чараларынын маанилүүлүгүн эске салабыз. Келгиле өзүбүздү жана жакындарыбызды аярлап, эмдөө маселесине жоопкерчиликтүү мамиле жасайлы", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий