• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Казакстан укук коргоочулары жарандардын укугу бузулган учурда жардам көрсөтүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 08.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-январда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимова менен телефон аркылуу байланышты. Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын катчылыгынан кабарлашты.

Аскат Азарбеков Казакстандагы массалык башаламандыкта каза болгондордун жакындарына Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтууну өтүндү. Ошондой эле, эгерде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) институтунан жардам керек болсо, аны чечүү КР Акыйкатчы институтунун ыйгарым укуктарына кирсе, анда КР Омбудсмен институту жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Казакстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимова КР Акыйкатчы институтунун өкүлүнө колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Адам укуктары боюнча кеңсе кадимки режимде иштеп жатат. Казакстанда кыргызстандыктардын укуктары бузулган учурда Казакстандын Адам укуктары боюнча иш алпарган кеңсе алардын ыйгарым укуктарынын чегинде көңүл буруп, жардам көрсөтөт. Ал ошондой эле республикадагы абал турукташып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий