Ак-Терек – Папан – Кожокелең унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.06.23. /Нурзат Жумалиева — Кабар/. Ош облусундагы Ак-Терек – Папан – Кожокелең унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

“Аталган жолдун 14,5-19,5 чакырым аралагына асфальт жаткыруу иштери кечээ, 5-июнда башталган. Быйыл Ак-Терек –Папан – Кожокелең унаа жолунун 5 чакырымын оңдоо каралган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий