Президент Садыр Жапаров 17-октябрда, Бишкектеги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы Академиясынын ачылыш аземине катышты.
Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында Академия түзүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан.
Мамлекет башчысы катышуучуларды Академиянын ачылышы менен куттуктап, дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү саясий кырдаал Улуттук коопсуздук органдарынан алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруусу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди талап кылып жатканына көңүл бурдурду.
“Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жайы болмокчу. Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат”, - деди Садыр Жапаров.
Тарыхка кайрылсак, Кыргызстанда улуттук коопсуздук органдарын түзүү Түркстан аймагында Совет бийлиги орногон мезгилде башталган. 1917-жылы ноябрда Ташкенттеги бийлик жумушчу жана солдат депутаттарынын Советтеринин колуна өткөн. 1918-жылдын аягында азыркы Кыргызстандын бүткүл территориясына советтик бийлик орногон. 1918-жылы октябрда Жети суу областтык аткаруу комитетинин жана областтык элдик комиссариаттын мүчөлөрү чукул тергөө комиссиясын уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алып, ошол эле жылдын ноябрында Түркстан Өзгөчө Комиссиясы болуп өзгөртүлгөн. Бул уюмдун иши контрреволюцияга каршы күрөшкө багытталган. Ошондогу пайда болгон басмачылык кыймылга да каршы күрөш бул органдын негизги милдети болуп калган.
Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин көптөгөн сыноолорго туш болду. Өлкө татаал өткөөл процесстерден өтүп жатты. Мына ушундай шарттарда Кыргызстандын жаш көз карандысыз чалгын кызматына – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке атайын тапшырмалар берилген. Бул биринчи кезекте өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргоо, саясий туруктуулукту камсыз кылуу, коррупция менен күрөшүү, мамлекеттик чек араны коргоо.
Кыргызстанда атайын кызматтар ар кайсы жылдарда Улуттук коопсуздук кызматы, Улуттук коопсуздук министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы жана бүгүнкү күнгө чейин УКМК деп аталып келет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин органдары Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тыңчылыкты, террористтик иштерди, уюшкан кылмыштуулукту, коррупцияны, курал-жаракты, баңги заттар мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо жана бетин ачуу, алардын компетенциясына таандык тергөө боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшөт.
Бул органдардын дагы бир маанилүү максаты Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө багытталган мыйзамсыз куралдуу топтордун, кылмыштуу топтордун, жеке адамдардын жана коомдук бирикмелердин аракеттерин аныктоо, болтурбоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу.
Улуттук коопсуздук комитетинин органдарына тийешелүу дагы бир, бүгүнкү күндө өтө манилүү маселе – бул чек араны кайтаруу жана коргоо, ошондой эле чек ара аймагындагы Кыргызстандын экономикалык жана мыйзамдуу талаптарын коргоо.
Ушул мезгилге чейин өлкөбүзгө керектүү мындай адистер Россиянын коопсуздук кызматынын адистештирилген аскердик окуу жайларында окуп келишкен. Эми бул багыттагы адистер өзүбүздүн Академиядан даярдалып чыгарылат.
Президент окуу жайдын ачылыш аземинде Академия улуттук коопсуздук органдарынан сырткары Коргоо министрлигинин тиешелүү бөлүкчөлөрүнө кадрларды даярдай турганын белгиледи. Анда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, жетекчилик курамды окутуп чыгаруу, ошону менен бирге улуттук коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерине илимий жактан изилдөөлөрдү жүргүзүү менен улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү иштери жүргүзүлөөрүн кошумчалады Садыр Жапаров.
УКМКнын Академиясын түзүү маселеси 30 жылдан бери объективдүү жана субъективдүү себептерден улам чечилбей келгенин УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары Токон Мамытов "Кабар " агенттигине билдирди . Ал бүгүн ошол күн келгенин, буга ардагерлер жана кызматтын өздүк курамы кубанып жатканын белгиледи.
"Улуттук коопсуздук органдарына жогорку билимдүүлөрдү, мекенчилдерди кабыл алуу салтка айланып калган. Эми бул талаптар сакталат деп ойлойм. Азыр дүйнөдөгү оор кырдаалда, аскердик-саясий өзгөрүүлөр маалында бизде академия ачылып жатат. Мында өлкө коопсуздугун камсыздай турган ак ниет жана ишине берилген кызматкерлер чыгарылат. Алар коопсуздукка байланышкан татаал маселелерди чечишет. Ошондуктан президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы муну түшүнгөндүктөн, академиянын ачылышына келишти", - деп белгиледи Токон Мамытов.
Өлкөбүздө улуттук коопсуздук тармагында өзүбүздүн окуу жайында даярдалган кесипкөй кадрлары болушу өтө маанилүү экенин УКМКнын мурдагы башчысы Феликс Кулов билдирди. Президенттин жарлыгы чыккандан кийин эле Академия тез курулганы Феликс Куловду таң калдырды.
«Адатта мындай окуу жайларды курууга 10 жыл кетет, бул жерде 2 жылда эле куруп коюшту. Курулушка көзөмөл жүргүзүп турган Камчыбек Ташиевге таазим кылышыбыз керек. Академия өлкөбүздүн сакчылыгын коргой турган кадрларды өзү даярдайт. Совет доорунда бизди Союздун бардык республикалары менен бирдей негизде окутчу. Биз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, Россиянын окуу жайларында кээ бир предметтер чет өлкөлүк студенттерге окутулбай калган – бул туура көрүнүш, себеби, мамлекеттик сырлар бар эле жана ар бир өлкөнүн өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар болуп калган. Ал кезде ФСБнын академиясында Вьетнамдан, Монголиядан келген студенттер да окушчу, алардын өз өзгөчөлүктөрү, албетте, биздикинен дагы чоң болчу.
Мен окуган ИИМдин Академиясында ГДРден, Чехословакиядан келген студенттер бар болчу, аларды даярдоонун дагы өзгөчөлүгү бар эле. Демек, ар бир өлкөнүн өзүнүн приоритеттери, мамлекеттик сырлары, тышкы жана ички коркунучтары, өзүнүн методикасы, сабактары, аналитиктери, мугалимдери дагы башка болчу. Академиянын курулушу, жашоо жана окуу шарттары, техникалык жабдылышы, аскердик тири, спорт залы жана башкалар жагынан мага күчтүү таасир калтырганын айтып коюшум керек», - деп белгиледи Феликс Кулов.
Албетте, бул Академиядан ак ниет, таза, мекенчил жана ишине берилген кызматкерлер чыгарылат деп ишенебиз. Себеби, бул тармак өтө жоопкерчиликтүү, өлкөнүн бүтүндүгү, коопсуздугу көз каранды болгон кызмат. Ушул кызмат совет бийлиги орноп жаңы жаралганда, ВЧКанын негиздөөчүсү белгилүү революционер Феликс Дзержинский мындай деген: «Башы муздак, жүрөгү жалындуу, колу таза адам гана коопсуздук кызматкери боло алат».
"Муздак" баш - бул туура чечимдерди кабыл алуу үчүн акыл-эсти сактоо дегенди билдирет. Биз дагы бул Академия чыгарган офицерлер акыл-эсин сактаган, жалындуу жүрөгү бар, колу таза кызматкерлер болот деп терең ишенебиз.
Материалды даярдаган Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий