• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

АКШ Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун колдоо үчүн $1,5 млн бөлүп берди

Экономика 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. АКШ Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун колдоо үчүн $1,5 млн бөлүп берди, деп билдирет USAID.

Уюмдун маалыматына караганда, USAID тарабынан бөлүнгөн каржылоо Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы азык-түлүк сактоо жайларын жана логистикалык базаларды куруу аркылуу маанилүү айыл чарба продукцияларын сактоону жакшыртууга багытталат. Натыйжада, жаңы жумуш орундары түзлүп, жашылча-жемиштерди сатуу үчүн жаңы рыноктор ачылары күтүлүүдө.

Андан тышкары, бөлүнгөн жардам беш жашка чейинки балдардын жана жаш энелердин тамактануусун жакшыртуу үчүн багытталат.

Президент Жо Байден Германияда өткөн G7 лидерлеринин саммитинде АКШ өкмөтүнүн дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк коопсуздугу үчүн кошумча 2,76 млрд доллар убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий