АКШ Кыргызстандын 900 мектебине 110 миң китеп тапшырды

Коом 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстан боюнча 900 мектепке 110 257 балдар китебин тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Бишкектеги элчилиги кабарлады.

Китептердин арасында 32 түрдүү кыргыз жана орус тилиндеги аталыштар: жомоктор, аңгемелер, ырлар жана математикалык ой жүгүртүүгө багытталган китептер.

Китеп тапшыруу расмий аземине Билим берүү жана илим министири Гульмира Кудайбердиева жана КР USAID өкүлчүлүгүнүн директору Гэри Линден катышышты.

"Бул китептер балдарды китеп окууну сүйүүгө, окуу адаттарын өрчүтүүгө жана ошондой эле жалпы окуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө түрткүберишине ишенебиз", - деди Гэри Линден.

Бул китептер Кыргызстанда эң биринчи татаалдыгы боюнча классификацияланган китептер болуп саналат. Алар атайын электрондук классификация куралынын жардамы менен бааланып татаалдык деңгээлдери аныкталган. Бул мугалимдерге, ата-энелерге жана китепканачыларга балдардын жаш курагына жана окуу деңгээлине ылайыктуу окуу материалдарын тандоого жардам берет.

"Министрлик тарабынан бекитилген жумушчу тобу балдар адабияттары менен жаңы тексттерге баалоо жүргүзүп, китептердин окумдуулук деңгээлин аныкташып, аларды басып чыгарууга сунуш кылып жатышат", - деп Билим берүү министрибелгилеп кетти. Министирдин айтымында, бул китептер мектеп китепканаларында сапаттуу китептерин көбөйтүүгөчоң салым кошту.

Бул китептер «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында бериле турган китептердин биринчи бөлүгү. Жалпысынан 2020-жылга чейин 1,2 млн китеп тапшыруу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий