• 87.86
  • 93.94
  • 1

ИИМде адам сатууга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Бүгүн ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин Европадагы коопсуздук жана келишим уюму (ЕККУ) адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү жана координатору Кари Джонстон менен жолугушту.

Жолугушууга ЕККУнун катчылыгынын өлкөлүк визиттердин жетекчисинин жардамчысы Александра Донскова-Хубер, уюмдун Бишкектеги Программалык кеңсесинин адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңешчиси Амир Ишматов катышты.

Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын адам сатууга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралары жана аракеттери тууралуу маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Нурбек Абдиев тыгыз өз ара аракеттенүү, эл аралык жана аймактык мейкиндиктеги кырдаал тууралуу ар дайым кабардар болуу, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу адам сатуунун алдын алууга жана анын терс кесепеттерине жол бербөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Министрлик зарыл болгон маалымат алмашууда гана эмес, тажрыйба алмашууда да кылмыштуулукка каршы натыйжалуу жана таасирдүү күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен дараметин өнүктүрүүгө умтулат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар адам сатууга каршы күрөшүү жаатында мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий