• 87
  • 90.41
  • 0.84

АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскер ресурсун жөнөтүүдө

Дүйнө 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. Кошмо Штаттар Иранга “ачык белги” берүү үчүн Жакынкы Чыгышка кошумча аскер ресурстарын жөнөтүүдө. Бул тууралуу Акүй билдирди.

«Эскалациялардын бир катар коркунучтуу белгилерине жооп иретинде Кошмо Штаттар USS Abraham Lincoln авиаташуучу кемеси башында турган чабуул жана бомбалоочулар тобун АКШнын Борбордук командачылыгы жооптуу аймактарга жөнөтүүдө», — деп айтылат АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун билдирүүсүндө.

Болтондун билдирүүсүндө АКШнын жана анын союздаштарынын кызыкчылыктарына коркунуч жараткандарга катуу чара көрүлөрү айтылган. Ал Кошмо Штаттар Ирандагы режим менен согушпай турганын, бирок Ислам революциясынын сакчылар корпусунун же Иран армиясынын соккуларына жооп берүүгө даяр экенин айтты.

Апрель айында Вашингтон 1-майдан тарта Тегерандан мунай сатып алууну уланткан тараптар санкцияга кабыларын айткан.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар кеңеши Вашингтондун бул кадамына жооп катары Перс жана Оман булуңдарын байланыштырган Ормуз кысыгын жаап салууга даяр экенин эскерткен.

Пикир

Оставить комментарий