• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Хакерлер Walt Disney компаниясынын тасмасын уурдап алышып, акча талап кылышууда

Дүйнө 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. Хакерлер Walt Disney компаниясынын жакында чыга турган тасмасын уурдап алышып, аны интернет түйүнүнө жүктөө менен коркутуп жатышат. Бул тууралуу Hollywood Reporter басылмасы компаниянын президенти Роберт Айгергге шилтеме кылып билдирет.

Айгердин айтымында, хакерлер компаниядан ири өлчөмдөгү каражатты талап кылышууда. Болбосо алар алгач тасманын 5 мүнөттүк үзүндүсүн, андан соң, 20 мүнөтүн, алардын талабы аткарылгыча интернетке жүктөй тургандыктарын айтып коркутушууда. Айгер кайсы тасма тууралуу сөз болуп жатканын айткан эмес.

Компания акча төлөөдөн баш тартканы маалымдалат. Тергөө иштерине федералдык тергөөчүлөр тартылган.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий