Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учак кырсыгынан каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Ирандын президенти Эбрахим Раиси жана тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахян тик учак кырсыгынан улам каза болду. Бул тууралуу Mehr маалымат агенттиги билдирет.

Президент Эбрахим Раиси менен тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахян отурган тик учак жекшемби күнү Чыгыш Азербайжандагы чытырман токойго кулап түшкөн.

Айрым ЖМКлар билдиргендей, кулагандан кийин тик учак өрттөнүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий