• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абу-Дабидеги туман: 40 унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду

Дүйнө 0


Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. БАЭ борбор Абу-Дабу шаарында 40 ашуун унаанын катышуусундагы ири жол кырсыгы катталды,-деп маалымдайт Khaleej Times.

Маалыматка ылайык, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен таңкы саат 8:08 катталган. Кырсыктын кесепетинен 22 адам жабыркап, экөө оор жаракат алган.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка калың туман себеп болгон. Полициянын маалыматында, айдоочулар аралыкты сакташкан эмес жана жогорку ылдамдыкта бара жатышкан.

Шаар полициясы айдоочуларды аралыкты сактоого жана ылдамдыкты жогорулатпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий