• 88.68
  • 95
  • 0.95

Японияда улгайгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Японияда 65 жаштан жогору курактагы адамдардын саны алгачкы жолу 36,4 миллионго жетти. Ал жалпы калкынын 29,1 пайызын түзөт. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Жалпы улуттук иштер министрлигинин маалыматына таянып жазып чыкты.

Статистикага ылайык, Япония 36,4 миллион кары-картаң менен дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турат.

Бир жыл ичинде улгайган адамдардын саны 220 миңге жетти. Японияда эркектер арасында кары-картаңдар 26 пайызды, аял кишилер арасында улгайгандар 32 пайызды түзөт.

Ал эми 9 миллиондон ашык пенсионер иштеп, ал дагы жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий