• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

АКШда бороон-чапкындан кеминде 90 адам каза тапты

Дүйнө 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. АКШнын түштүк-чыгышындагы “Хелен” катуу шамалынын айынан кеминде 90 адам каза тапты.

CNN телеканалы маалымдагандай, көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Түндүк Каролина штатында жашагандар, ал жакта 36 адам каза болду. Дагы 24 киши Түштүк Каролина штатында, 17 - Жорджияда, 11 - Флоридада, ошондой эле дагы эки адам Вирджиния штатында каза тапты.

Бороон-чапкындын кесепетинен Флорида, Жорджия, Түндүк Каролина, Түштүк Каролина жана Вирджиниядагы 2,3 млн тургун электр жарыгысыз калды.

Саффир-Симпсондун беш шкаласы боюнча катуу шамалга кооптуулугу жагынан төртүнчү категория берилди.

Пикир

Оставить комментарий