Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Өзбекстандын эки жараны коронавирустан Нью-Йорк шаарынын жергиликтүү ооруканаларында көз жумду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Консулдук-укуктук департменти каза болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана Өзбекстандын чет өлкөдөгү жарандарын жергиликтүү бийликтин коронавирустун жайылуусуна каршы күрөшүүдөгү талаптарын так аткарууга, коомдук иш-чараларга катышуудан карманууга, эл көп топтолгон жерлерге барбоого жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат.
Бүгүнкү күндө АКШда 337 миңден ашуун адам коронавирусту жуктуруп алса, 9,6 миңден ашууну бул илдеттен көз жумган.
Өзбекстанда 6-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 390 адамды түздү. Алардын 188и эркек, ал эми 202си аял кишилер. 30 адам илдеттен айыкса, экөө көз жумган.
Пикир
Оставить комментарий