• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 60,8 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 60 миң 844 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 332 жаңы учур катталды. Ал эми 374 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 57 миң 704 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 502 бейтап каза болду. 2 миң 687 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий