АКШда кошунасын өлтүрүп, жүрөгүнөн "куурдак" жасаган адам кармалды

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. АКШда 3 адамдын өлүмүнө шектелген Оклахома штатынын тургуну Лоуренс Пол Андерсон тамак жасаш үчүн кошунасын өлтүрүп, жүрөгүн кесип алгандыгын мойнуна алган. Бул тууралуу штаттын иликтөө бюросуна таянып oklahoman гезити жазганын РИА Новости билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Андерсон кошунасын, тайкесин жана 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелүүдө. Ошондой эле шектүү өзүнүн тайжеңесин бычак менен сайган, бирок ал тирүү калган.

"Андерсон шайтанды чыгаруу үчүн үй-бүлөсүнө жүрөк менен картошка кошулган тамак жасап берген", - деп иликтөө бюросунун агенти билдиргенин oklahoman гезити жазат.

Шарттуу түрдө соттолгон Лоуренс Пол Андерсон 2017-жылы баңгизатты колдонгондугу жана куралга ээлик кылгандыгы үчүн 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал убакта жаза мөөнөтү 9 жылга кыскарган, бирок Лоуренс 3 жылдан кийин бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий