• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Калифорнияда өрттүн кесепетинен жоголгондордун саны 1276га жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 19.11.18 /Кабар/. Түндүк Калифорнияда болгон өрттүн кесепетинен жоголгондордун саны 1276га жетти, ал эми каза болгондордун саны 76га жеткен. Бул тууралуу округдун шерифи Бьютт Кори Хони журналисттерге кабарлаган, - деп билдирет РИА Новости.

“Жоголгондордун саны дагы 275 адамга көбөйгөн. Өткөн түнү дагы беш адамдын калдыктары табылган. Жалпысынан каза болгондордун саны 76га жеткен”. – дейт ал.

Калифорниянын түндүгүндөгү Camp токоюнда 8-ноябрь күнү өрт башталган. Бул өрт Калифорния штатынын тарыхында эң кыйратуучу өрт болуп эсептелет. Андан тышкары штаттын түштүк жагында дагы эки Woolsey жана Hill аттуу өрттөр жүрүүдө.

Учурда 300 миң адам көчүрүлгөн. АКШ президенти Дональд Трамп штатта ири өзгөчө табигый кырсык режимин жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий