• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

АКШдагы элчи Аманбаев Нью-Йорктогу кыргызстандыктар менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-22-августунда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев Нью-Йоркко иш сапары менен барып, ал жердеги кыргызстандык жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Б.Аманбаев кыргызстандыктарды президент Садыр Жапаров тарабынан өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясат менен кенен тааныштырып, жарандарды алдыдагы парламенттик шайлоого добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды. Бакыт Аманбаев жолугушуунун катышуучуларынын орчундуу маселелерин угуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү элчиликтин консулдук ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын берип, көйгөйлөр, күнүмдүк жашоо, иш чөйрөлөрү жөнүндө кеп кылышып, Кыргызстанда иштетүүгө мүмкүн болгон өнүгүүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү тажрыйбалары менен бөлүштү.

Ушул эле күндөрү элчиликтин кызматкерлери жарандарга төмөндөгүдөй көчмө консулдук кызматтарды көрсөтүштү: жалпы жарандык паспортторду алмаштыруу/берүү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү, мекенине кайтуу жөнүндө күбөлүгүн берүү, консулдук каттоодон өтүү жана ар кандай нотариалдык документтер менен камсыз кылуу. Жалпысынан бул күндөрү жарандарга 150дөн ашуун түрдүү консулдук кызматтар көрсөтүлүп, мекендештерге консультациялар берилди.

Пикир

Оставить комментарий