Кыргызстан менен Болгариянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Болгариянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Екатерина Захариева телефон аркылуу сүйлөштү. Бкл тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер өлкөлөр тарабынан COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.

Эки өлкөнүн министрлери консулдук маселелер боюнча пикир алмашып, эки тараптуу кызматташууну активдештирүү, укуктук-келишимдик базаны, ошондой эле экономикалык байланыштарды кеңейтүү жөнүндө макулдашты.

Болгариядагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелери, анын ичинде, студенттердин жана эмгек мигранттарынын саламаттыгын сактоо үчүн шарттарды түзүү маселеси, визалардын колдонулуу мөөнөтүн узартууда болгария тарабынын көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү өзүнчө талкууланган.

Мындан тышкары, министрлер жакынкы убакта онлайн конференция форматында министерлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашты. Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташуу маселелерине көңүл бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий