• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук китепкана өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында кандай иштеп жатат?

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун республикалык, облустук жана шаардык китепканалардын жетекчилеринин катышуусунда видео конференция өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында окурмандарды онлайн тейлөөгө өткөн.

Китепкананын кызматкерлери окурмандардын суроолору боюнча телефон, электрондук почта, социалдык тармак жана веб-сайт аркылуу консультацияларды берип, сканерленген материалдарды (китептердин, гезиттердин, журналдардын фрагменттерин) жана башка керектүү маалыматтарды жарандарга жөнөтуп жатат.

Алсак, 2020–жылдын 16-23-март аралыгында телефон аркылуу суроолорго жооп берүү – 360, Веб-сайт (nlkr.gov.kg) жана социалдык тармактар (facebook) аркылуу суроо-талаптарды аткаруу - 52ни түзгөн.

Өзгөчө абалдын улантылгандыгына байланыштуу китепкана кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтүп, электрондук почта, социалдык тармактар жана веб-сайт аркылуу кеп-кеңеш берүүнү улантып жатат.

Учурда китепкана Россия, АКШ сыяктуу чет өлкөлөрдөгү окурмандарды тейлөөдө. Аларга А. Осмоновдун, М. Алыбаевдин, К. Эсенкожоевдин кыргыз тилиндеги китептери, балдарга арналган адабияттар, жомок, табышмактар жиберилген.

"Ушул жылдын 22-марттынан 23-апрелине чейинки аралыкта китепкананы “Ачык электрондук китеканасына” (www.lib.kg) кирүү мурдагы мезгилге салыштырганда бир нече эсе көбөйдү. Сайтка 12 миң 210 адам кирген. Күн сайын 1 миң 500 жакын адам кирип, ар кандай маалыматтарда карап жатат. Аудиториянын географиясы (ар кайсы өлкөлөрдөн кирүүнүн проценти): Кыргызстандан - 86,9%; Өзбекстандан - 9,0%; Россиядан - 3,1%; Казакстандан - 2,9% ж.б. өлкөлөрдөн. Пайдалануучулардын жаш курагы 11 жаштан жогоруну түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Окурмандарды айрыкча сайтка жайгаштырылган окуу китептер көп кызыктырат. Эң көп каралгандар орус тил, кыргыз тил, англис тил боюнча методикалык колдонмолор, математика жана информатика боюнча окуу китептер.

  • Эң көп көчүрүлгөн китептердин тизмеси:
  • Русский язык. 5 класс. Методическое пособие - 66620
  • Русский язык. 6 класс. Методическое пособие - 63380
  • Кыргыз тили. 6-класс. Усеналиев И. - 47998
  • Русский язык. 5 класс. Breusenko Rus I – 43628
  • Русский язык. 6 класс. Breusenko Rus I – 39542
  • Математика. 5-класс. Kydyraliev Rus I - 39517
  • English Language Grade 6. Методическое пособие - 26316
  • Математика. 6-класс. Kydyraliev Rus I - 24192
  • Математика. 5-класс. Kydyraliev S K Rus - 21657
  • Computer Science-5-grade-textbook-kyrgyz - 21205

КР Президентинин 2019-жылдын 14-мартындагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын бүткүл элдик майрам катары белгилөө жөнүндө Жарлыгына ылайык, Улуттук китепкана бул датага карата ММК аркылуу республикалык виртуалдык конкурс жарыялаган, аталган сынакка 7 жаштан жогорку баардык каалоочулар катыша алат. Конкурстун номинациялары:

  • Конкурс эссе (дил баян);
  • Көркөм окуу (видео).

2020-жылдын 23-апрелине карата бул конкурстун катышуучуларынын саны 23 киши болду. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары жана студенттер.

Сынактын жыйынтыгы 2020-жылдын 9-майында Улуу Жеңиш күнүнө карата жарыяланат.

Ошондой эле залкар акын Алыкул Осмоновдун 105 жылдыгына карата КР Улуттук китепканасы республикалык виртуалдык конкурс жарыялаган. Ал конкурска дагы 7 жаштан жогорку баардык каалоочулар катышса болот.

Бул конкурстун максаты балдардын, жаштардын жана алардын ата-энелеринин китеп окуусун өнүктүрүү жана колдоону көздөйт.

Конкурстун номинациялары:

  • Конкурс эссе (дил баян);
  • Көркөм окуу (видео).

Сынактын жыйынтыгы 2020-жылдын 27-майында Китепканалар күнүнө карата жарыяланат.

Мындан сырткары, китепкана кызматкерлери тарабынан бир катар усулдук нускамалар иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий