• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

АКШдагы миграция саясатынын өзгөрүшү кыргыз мигранттарына да таасирин берет - серепчи

Саясат 0

АКШдагы миграция саясатынын өзгөрүшү. Трамптын жаңы жолу

АКШнын 47 - президенти Дональд Трамп шайлоого баратканда, мигранттардын маселеси анын саясий платформасынын негизги бөлүгүнө айланган. Бул маселени ал жөн тандаган жок. Трамп мындай ниети тууралуу 2024-жылдын февраль айынын башында билдирип, АКШдагы мыйзамсыз мигранттардын саны 19 миллионго жеткенин айткан. "Мыйзамсыз мигранттар жакында Нью-Йорк штатынын элинен да ашат" деп эскерткени бар. Мунун мааниси абдан чоң, анткени АКШнын калкынын саны 340 миллионго жакын болсо, демек, ар бир 18-19 АКШда жүргөн адамдын бири мыйзамсыз мигрант десе болот. Трамптын бул билдирүүсү, албетте, коомчулукту тынчсыздандырып жатканы талашсыз.

Мигранттардын маселеси, саясий максаттар

Трамптын миграция саясатына чечкиндүү өзгөрүүлөрдү киргизүүсүнүн эң негизги себеби анын саясий программасындагы бир бөлүгүн ыкчам ишке ашыруу менен жана АКШ жарандарынын колдоосун алууга багытталган. Мигранттардын маселелерин көтөрүү – бул абдан опурталдуу татаал жол, анткени ал кыска мөөнөттө көптөгөн адамдардын көңүлүн бурганы менен социалдык, экономикалык ички чыңалууга жол ачат. Башкача айтканда, бул маселени саясий максаттар үчүн пайдалануу көптөгөн тобокелдиктерди жаратат. АКШнын иммиграция мыйзамдары боюнча 19 миллионго жакын мыйзамсыз мигранттардын укуктары чектелген, алар өздөрүн коргоо укугуна ээ эмес жана аларга эч ким жардам да бербейт. Мигранттардын көпчүлүгү ар кандай турмуштук себептерден улам АКШга көчүп келген, анын ичинде биздин кыргыз жарандар дагы жашоо шарттарын жакшыртуу максатында Америкага кетишкен.

АКШдан тышкары башка мамлекеттердин миграция саясаты

АКШнын тышкары дагы бир катар мамлекеттер, анын ичинде Россия да мигранттарга карата саясатын катаалдаштырып, ксенофобияны күчөттү. Бул тенденцияны дүйнө жүзүндөгү башка өлкөлөр да байкап, мисалы, Европадагы мамлекеттер дагы өз өлкөлөрүндө миграцияны чектөө жана мыйзамсыз мигранттарды чыгаруу аракеттерин жүргүзүп жатышат.

Трамптын бийликке келиши менен АКШдагы миграция саясатынын өзгөрүшү жана Трамптын саясий жаңы жолу дүйнөдөгү мигранттардын абалын кыйла оорлотот. Өзгөчө кыргыз мигранттары үчүн бул чоң тоскоолдуктарды алып келет. Ошондуктан, Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы шарттарга жана саясатка даяр болуу өтө маанилүү.

Мигранттардын укугу жана алардын келечеги

Бул көйгөй, учурда дүйнөлүк саясий күн тартибинин талкуулоочу негизги пунктуна айланууда. АКШда жана башка өлкөлөрдө мигранттарга каршы жасалып жаткан саясат, алардын укуктарын чектөөдө. Ал эми көптөгөн адамдар үчүн легалсыздыкка ого бетер жол ачып, эми кандай жашоону тандай турганы белгисиздикти жаратып турат. Мигранттардын укугун коргоо жана аларга таасир этүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында дүйнө өлкөлөрү кызматташып, жаңы жолдорду табышы керек. Бирок бул узак жана татаал көйгөйлүү маселе.

Ошондой эле, мигранттардын келечеги аларды кабыл алган өлкөлөрдүн саясатына жана эл аралык кызматташууга түздөн-түз байланыштуу. Кыргызстандык мигранттардын жайгашуусу, алардын укугу жана келечеги кандай болоору бүдөмүк.

Жыйынтыктап айтканда, бул маселелер боюнча дүйнө жүзү өлкөлөрүнүн биргелешип иш алып баруусу чоң мааниге ээ.

Тимур Саралаев, серепчи

Пикир

Оставить комментарий