• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

АКШлык ыктыярчылар Ысык-Көлдөгү ооруканаларга меджабдыктарды берет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көлдө АКШнын Project C.U.R.E. кайрымдуулук уюмунун ыктыярчылары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар алгач Кыргызстандын ооруканаларындагы медициналык жабдуулардын муктаждыгын талкуулашып, андан соң Ак-Суу, Түп райондорундагы жана Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы медициналык мекемелерди биргеликте кыдырышты.

Project C.U.R.E. — бул дүйнө жүзү боюнча медициналык буюмдарды жайылтуу менен алектенген гуманитардык уюм.

Эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев аталган коомдун өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу Кыргызстандын ооруканаларына заманбап медициналык жабдууларды алып келүү максатында иш алып барууда.

Уюмдун ыктыярчылары тийиштүү процедуралар аткарылган соң, айрым ооруканаларга меджабдуулар берилерин убада кылышты.

Пикир

Оставить комментарий