Аксы райондук милициясынын башчысы жана эсепчиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана эсепчиси системалуу түрдө акча каражатын ыйгарып алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Аксы РИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады.

Тактап айтканда, Аксы РИИБинин кызмат адамдары системалуу түрдө мамлекеттик сатып алууларды – көмүрдү, кызматтык автотранспорттун тетиктерин, кеңсе товарларын жана башка формалдуу жүргүзүү жолу менен аффилирленген фирмаларга акча каражаттарын которуп, андан ары накталай ыйгарып алышканы аныкталды. Мындан тышкары, аталган ички иштер бөлүмүнүн башчысы командировка чыгымдарына, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майга бөлүнгөн талондорду да өзүнө ыйгарып алган.

2024-жылдын 2-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында, кезектеги 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын чыгарып алуу жана ыйгарып алуу аракети учурунда УКМК кызматкерлери ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын ички коопсуздук бөлүмү менен биргеликте Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы А.А. А. жана эсепчиси Д.Т.ны кармады.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий