• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 32 жаштагы Э.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ишенимине кирип алдоо жолу менен 20 миң сомдук «Редми» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ээлеп алган чала тааныш аялга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Жайыл районунун ИИБнин КБР КР Кылмыш-жазык кодексинин (эски редакция) 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жайыл РИИБнин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 32 жаштагы К.А. аттуу аял киши кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий