Аксыда бир тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун аймагында бир гектар жерде өскөн жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука РИИБдин милиция кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте бир тоннага жакын кара куурайды өрттөшкөн.

Пикир

Оставить комментарий