• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Аксыда муниципалдык менчикти жеке баюу максатында пайдаланган жетекчи кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Аксы районунда "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери муниципалдык менчикти жеке баюу максатында пайдаланышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, 2023-жылы Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жеке кызыкчылыктары үчүн муниципалдык атайын техниканы колдонуу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймагында жеке коммерциялык уюмдардын заказы боюнча артезин скважиналарын бургулоо боюнча кызматтарды көрсөткөндүгүн аныктады.

Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкерлери 8 млн сомдон ашык суммада акы алышкан.

Белгилей кетсек, оор жүк ташуучу "УРАЛ-4320" маркасындагы автомашинанын базасында атайын бургулоочу техника Кош-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылдын декабрь айында скважиналарды бургулоо жана жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн 22 млн сомго сатылып алынган.

2024-жылдын 17-августунда Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн "Тазалык" ишканасынын башчысы А.З.Б. жана анын айдоочу-механик Т.С.А. аттуу жаран УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий