• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад милициясы тоноо фактысынын бетин ачты

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад милициясы тоноо фактысынын бетин ачты.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын апрель айында Жалал-Абад шаардык ички ичтер бөлүмүнө Сузак районунун 19 жаштагы тургуну арызданып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Арыздануучу түнкү маал саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде бейтааныш болгон 3 бала аны коркутуп, күч колдонуп, 10 миң сомдук телефонун жана 85 000 сом накталай акчасын алып коюшкандыгын билдирген.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө кызматы тарабынан тергөө тапшырмасы берилип, анын негизинде Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен Сузак районунун тургуну 2000-ж.т. Т.Б. кармалып, тергөөгө камсыздалган.

2021-жылдын 13-май күнү КРнын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Т.Б. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын 2 шеригинин да өздүктөрү аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Учурда Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий