• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Аксынын Жаңы-Жол айылында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Аксы районунун Жаңы-Жол айылында жаңы бала бакчанын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Жаңы ачылган бала бакча 100 орунга ылайыкташкан. Курулуш иштери АРИСтин каржылык колдоосу менен 2019-жылы башталган. Бала бакча айыл өкмөтүнүн балансында турат.

Шакиев өз сөзүндө акыркы жылдары республика боюнча мектептер, бала бакчалар, ооруканалар сыяктуу жаңы социалдык мекемелердин курулушуна өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий