• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Акыйкат чечим чыгышына үмүттөнгөн эне - кырсыктын чоо-жайы

Кырсык 0


Бишкек, 26.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Акыйкат чечим чыгышына үмүттөнөм. Мындай пикирин билдирип жол кырсыгына кабылган 7 жашар кыздын апасы, Бишкек шаарынын тургуну Элиза Каленова "Кабар" агенттигине кайрылды.

Буга чейин да Элиза Каленова жол кырсыгы катталгандан кийин редакцияга арыз-муңун айтып кайрылган болчу. Анда ал кырсык болгондон бери укук коргоо органдарынан эч ким байланышка чыкпагандыктан, айдоочуга карата тиешелүү чечим чыгарууну талап кылып арыз жазганын айткан эле.

Бул ирет кыздын апасы соттук-медициналык экспертиза чыкканын, "жеңил жаракат" деген жыйынтыкка нааразы экенин белгиледи.

"Мен арызды караган тергөөчүгө да, айдоочуга да аябай нааразымын. Кырсыктан бери бир айдан ашык убакыт өттү, кызымдын ден соолугу дагы деле жакшы эмес, мектепке бара элек. Башым-ичим, бутум деп ыйлактайт. Төшөккө сийип коёт. Дарыгерлер кырсыктан кийин жакшы текшеришкен жок. Мен айдоочудан акча же бир нерсе өндүрүп алайын деген оюм жок. Болгону кызымдын ден соолугуна кабатыр болуп жатканымды түшүнүп, жакшы текшерүүдөн өткөрүп берсин", - деди ал.

"Кабар" агенттиги Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына маалымат алуу үчүн кайрылды.

"Айдоочу мас абалында унаа айдап бара жатып адам сүзгөндүктөн, иш сотко кетет. Ал эми кыз жеңил жаракат алгандыктан жол кырсыгы боюнча иш кыскартылган", - деп маалымдашты милициядан.

Эске салсак, жол кырсыгы 23-сентябрда кечки саат жетилер чамасында Бишкекте Гагарин-Элмирбек Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда 7 жашар кызды унаа сүзүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий