• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кара-Кулжада бир күн мурда жоголгон 9 жаштагы баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Кара-Кулжада бир күн мурда жоголгон 9 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Буга айылынын 2013-жылы туулган Ш.М. аттуу жашоочусу 16-мартта үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

17-мартта дайынсыз жоголгон 9 жашар баланы издөө үчүн Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 65 адам тартылды.

Куткаруучулар тарабынан Чалма айыл аймагында жайгашкан Шиштей-Дөн тоосунун боорунан жогоруда аталган баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий