Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Акыйкатчы Атыр Абрахматова бүгүн “Кыргызстандын аялдарынын демократиялык тармагы” коомдук фондунун өкүлдөрү менен жолугушту, - деп билдирет Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы.
Лидер айымдардын өкүлдөрү менен жолугушууда Атыр Абдрахматова акыйкатчы катары 7 багытта иш алып бара турганын мерчемдегенин, анын ичинде:
– жарандардын социалдык укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу жана ыңгайлаштырууга даректүү салым кошуу:
– билим алуунун мамлекеттик кепилдиктерин сапаттуу жана жоопкерчиликтүү ишке ашырууга көмөктөшүү;
– жарандардын экономикалык эркиндигин ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн колдоо пункттары бар экенин айтып, бул багыттарда аялдарга, жаштарга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.
“Аялдардын социалдык, экономикалык абалы жакшы болсо, алар эч качан өзүн кемсинтүүгө жол бербейт. Бактылуу аял гана бактылуу, ийгиликтүү коомду түптөй алат”, - деди Атыр Абдрахматова.
Андан сырткары, Акыйкатчы институту жакын арада элдин социалдык жөлөкпул алуусунун жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзөрүн, тиешелүү мониторингди “Кыргызстандын аялдарынын демократиялык тармагы” фондунун жер-жерлердеги лидер айымдары менен бирге жүргүзүүнү мерчемдешти.
Маалымат үчүн: “Кыргызстандын аялдарынын демократиялык тармагы” коомдук фонду жигердүү жарандык позицияны карманып иш алып барган Кыргызстандагы саясий партиялардан, бейөкмөт уюмдардан, айылдык жана шаардык кеңештердин ичинен чыккан депутат аялдарынын демилгеси менен 2012-жылы түзүлгөн. Аталган коомдук фонд чечим кабыл алуу деңгээлинде аялдардын лидер болушуна көмөктөшөт. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзөт. Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын дараметин жогорулатуу боюнча иштеп келишет. Бүгүнкү жолугушууга аталган коомдук фонддун атынан Бибигүл Бупебаева, Гүлжан Байбетова, Дамира Оморова жана Алма Карсымбек катышты.
Пикир
Оставить комментарий