• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Екатеринбургдагы эл аралык туристик кѳргѳзмѳсүндѳ Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктѳрү көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу 2022-жылдын 1-апрелинде Екатеринбург шаарында ачылган "ЛЕТО-2022" эл аралык туристтик көргөзмөсүндө өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы консулдук КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Туризм департаментинин колдоосу менен Кыргызстандын улуттук павильонун уюштуруп, анда жарнамалык буклеттер, туристтик компаниялардын жана санаториялык-рекреациялык мекемелердин таркатма материалдары менен Кыргызстандын туристтик продукцияларынын сунуштады. Павильондо чакан сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, телеэкран аркылуу Кыргызстандын туристтик кооз жайлары жана жаратылышы жөнүндө роликтер көрсөтүлдү.

Башкы консул Руслан Бийбосунов форумдун пленардык отурумунда сѳз сүйлөп, россиялык массалык маалымат каражаттарына маек берип, анын алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө айтып берди жана россиялык туристтерди биздин өлкөдө эс алууга чакырды.

Башкы консулдуктун, "С.А.Т. Сомраnу" туристтик компаниясынын, "Кыргызское взморье" жана "Голубой Ысык Көл" санаторийлеринин өкүлдөрү "Россияда жана чет өлкөлөрдө ден соолукту чыңдоо жана медицина туризми" аттуу конференциясында сөз сүйлөшүп, көргөзмөнүн башка секцияларына катышып, катышуучулардын жана коноктордун кызыгуусун жараткан Ысык Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырышты.

Башкы консулдук Россиянын Урал федералдык округундагы мекендештердин колдоосу менен кыргыз элинин мыкты кооздолгон улуттук боз үйүн кѳргѳзмѳнүн борбордук бѳлүгүнѳ орнотту. Кыргыз боз үйү көргөзмөнүн көркүн ачып, көп катышуучуларды өзүнө тартты. Ага келген коноктор кыргыздын улуттук сый-тамактарынан даам сызышты. Форумдун катышуучулары жана коноктору үчүн кечки сый кечеге Башкы консулдуктун атынан улуттук тамак тартылды.

Кыргыз делегациясынын “ЛЕТО-2022” эл аралык көргөзмөсүнүн ишине катышуусу тараптардын туристтик компанияларынын кызматташтыгын арттырууга жана Урал облусунан Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

Көргөзмө Россиянын Туризм боюнча федералдык агенттигинин, Свердлов облусунун Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлигинин расмий колдоосу менен Урал туризм ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Бул көргөзмө Россиянын эң ири аймактык туристтик аянтчасы катары белгилүү.

Пикир

Оставить комментарий