• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Салык кызматкерлери кесиптик көндүмдөрүн жогорулатышты

Коом 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Салык кызматы салыктык башкаруунун жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга умтулуунун алкагында өз кызматкерлеринин кесиптик компетенциясын жогорулатууну улантууда, деп билдирет МСКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, сентябрь жана октябрда "Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо" долбоорунун негизинде салык органдарынын 700дөн ашык кызматкерлерин окутуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Семинарлардын катышуучулары салык мыйзамдары боюнча жаңы теориялык билимдерге ээ болушуп, өзгөчө маалыматтык системалар менен иштөөдө өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн толукташты.

Окутуу салыктык башкаруунун негизги аспектилерин, анын ичинде салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү, рейддик салык контроль, камералдык текшерүү, ошондой эле салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү багытын камтыды.

Пикир

Оставить комментарий